Чыңгыз Айтматовдун кылым карыткан мугалими (видео)

968

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго мектепте математика боюнча сабак берген Анна Крамарева келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктоолорду кабыл алууда. Ардагер мугалим учурда карылар үйүндө жашайт. 99 жаштагы Анна апа азыр алдан-күчтөн тайса да, акылы тунук. Убагында билим берген окуучуларынын баары эсинде калбаса да, ага-ини Айтматовдорду унуткан эмес.

Карыя педагогдун айтымында, академик Ильгиз Айтматов мектеп мугалимине бат-баттан келип турат экен. Анна Крамарева карылар үйүндө 2003-жылдан бери жашайт. Кулагы жакшы укпагандыктан, адамдар менен баракка жазып баарлашат. Дээрлик бир кылым өмүр сүргөн мугалим карылар үйүндө көп жылдан бери жашаса да, ага дүйнөнүн булуң-бурчунан телеграммалар менен куттуктоо баракчалары келип турат.