Чыныбай Турсунбеков өз ыктыяры менен отставкага кеткенин билдирди

774

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Чыныбай Турсунбеков өз ыктыяры менен отставкага кеткенин жарыялады. Ал өз сөзүндө президенттик шайлоого байланыштуу, Кыргызстандагы жалпы саясий «температура» көтөрүлүп, бирок бүгүнкү күндө ал түшүп баратканын билдирди.

«Бирок анын толугу менен түшүшү үчүн отставкага кетишим туура болот деген чечимге келдим», деди Турсунбеков. Ал өзү иштеген бир жарым жыл аралыгында мыйзам чегинде гана иш алып барып, парламентте коалициялык көпчүлүк, оппозиция деп болбой, эки тарапка тең бирдей мүмкүнчүлүк бергенин билдирди.

Ошондой эле, Турсунбеков төрагалыктан кетип жатканын, бирок саясаттан кетпегендигин баса белгилеп өттү. Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагалыгына ал 2016-жылы 27-апрелде шайланган.