Чыныбай Турсунбековдун китептеринин бет ачары болду (видео)

2252

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, акын Чыныбай Турсунбеков эскерилди. Иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болуп, ага белгилүү саясатчылар, акын-жазуучулар чакырылган. Эскерүү кечесинде Чыныбай Турсунбеков чыгарууга жетишпей калган, үч китебинин бет ачары болду.

Экс-төраганын жакындары анын атынан фонд түзүшкөн. Ал бир эле кайрымдуулук иштер менен алек болбостон ар кандай кесиптин ээлери үчүн сынак өткөрүп турат. Быйыл акындар арасында конкурс жарыяланып, фонд тарабынан баш байге катары 100 миң сом коюлган.