Чырдуу мыйзам боюнча Конституциялык палата корутунду чыгарды (видео)

1508

Парламенттик кайра шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдыруу боюнча Жогорку Кеңештин чечими баш мыйзамга каршы келбейт. Конституциялык палата дал ушундай корутунду чыгарды. Депутаттар кабыл алган чечимдин мыйзамдуулугунан күмөн санаган “Реформа” партиясы жана 2 жаран сотко доо арыз менен кайрылган.

Алардын белгилешинче, 22-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамдын эки беренесинин күчүн токтотуп коюу жөнүндө документтин кабыл алынышы ага карама-каршы келет. Бирок жоопкер тарап катары чакырылган Жогорку Кеңештин өкүлдөрү бул дооматтар менен макул болушкан жок.