Чырга себеп болгон чек арадагы курулуш иштери бир аптага токтотулду

888

2 күн мурда Кыргызстан-Тажикистан чек арасындагы чырдын келип чыгышына себеп болгон курулуш иштери бир жумага токтотулду. Учурда эки өлкө чектешкен аймакта абал тынч. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кабарлашты.

24-августта Баткендеги Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Борбордук айылында чек ара чыры катталган. Жыйырмага жакын тажикистандык жаран Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылында курулуп жаткан жолго нараазычылык билдирип чыгышып, тосмо куруп жаткан кыргызстандыктардан ишти токтотууну талап кылып, ал жер тактала элек тилке экенин айтышкан. Андан соң, алар курулушту буза башташкан.

Окуя болгон жерге чек ара кызматкерлери жана тартип сакчылар барышып, бирок ортодо пикир келишпестик жаралып, тажикстандыктар аларга таш ыргытып, колундагы куралын тартып алууга аракеттенишкени айтылууда. Бир тартип сакчыны өз аймактарына алып кирип кетишип, ур-токмокко алышкан.

Абал курчуп кетпеши үчүн кыргызстандык чек арачылар эки жолу асманга ок атканда чогулгандар тарап кетишкен. Эки тараптын жаңжалынан жабыркаган милиция кызматкеринин мээси чайкалып, сол таманынан, мойнунан жаракат алган. Учурда ал Кулунду айылынын ооруканасында даарыланып жатат.

Кечээ Лейлек районуну акими менен Тажикистандын Кыргызстанга чектеш Гафуров районунун жетекчиси менен жолугушуп, чек арага жакын аймактардагы курулуштарды убактылуу токтотуу чечимин кабыл алышты. Алар Баткен менен Согди областтарынын жетекчилерине атайын сунуш кат жазып, чек ара аймагында курулуш жүргүзүү маселесин чечип берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылышкан. Маселе бир жаңсыл болгонго чейин Тажикстан тарапта да курулуш иштери токтотулду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.