Цирктеги абалды жаңы жетекчи оңдой алабы? (видео)

739

Туш тарабы көңүл ачуучу жайларга ижарага берилип кеткен имарат, Совет доорунан бери алмаштырылбаган реквизиттер жана эки жаатка бөлүнгөн жамаат. Бүгүнкү күндө мамлекеттик цирктин абалы ушундай. Мекемеге жаңы жетекчи болуп, Фархад Бекманбетов дайындалды. Ал ишин алгач имаратты оңдоп-түзөөдөн баштай турганын айтууда.

Ал арада, жаңы директордун үстөлүндө өз каалоосу менен жумуштан кетебиз, деген цирктин 28 артистинин арызы жатат. Бул маселе кандай чечилери — алар менен Бекманбетов жолуккандан кийин гана белгилүү болот. Учурда жакын арада аткарылчу жумуштардын графигин түзүлүп жатыптыр.