Цирктин 34 артисттен турган тобу иштен кетүү чечимин кабыл алышты

781

Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышты. Артисттердин айтымында аталган мекеменин директорун дайындоо интригалар менен коштолуууда жана алардын талаптарына олуттуу көңүл бурулбай жатат. Андыктан цирктин 34 артисттен турган тобу, толугу менен иштен кетүү чечимин кабыл алган.

Бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн алар Жогорку Кеңештин имаратынын алдында ар кандай акробатикалык оюндарды көрсөтүштү.

Эске салсак, буга чейин цирктин жамааты жетекчиси Курмангазы Исанаевдин ишине нааразы болуп, эки тараптуу тирешүү көпкө уланган. Анын жыйынтыгында былтыр декабрь айында Исанаев кызматынан алынган. Андан бери жетекчилик кызматка бир канча кишинин аттары аталып келе жатат.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун айтымында учурда Мамлекеттик циркти жетектегиси келген талапкерлердин программалары менен таанышып жатат. Ага ылайык бул апта ичинде циркке жаңы жетекчи дайындалып калышы мүмкүн экен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.