Цирктин иш таштаган труппасы митингге чыкты (видео)

726

Клоундар, жонглёрлор жана фокусниктер катышкан «өзгөчө» митинг. Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин кызматкерлери Ак үйдүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Артисттердин айтымында, алардын мекемесинин директорун дайындоо интригалар менен коштолууда жана артисттердин пикирине көңүл бурулбай жатат.

Артисттер цирктеги көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн атайын өзгөчө форматтагы митингди уюштурууга мажбур болушкан. Эске салсак, Мамлекеттик цирк былтыр декабрь айынан бери жетекчисиз турат. Учурда ал кызматка 4 кишинин талапкерлиги каралып жатканы белгилүү. Цирктин жаңы жетекчиси качан дайындалат?