Cот тутумун реформалоого дагы бир кадам (видео)

1387

Кечээ күнү президент Сооронбай Жээнбеков бул багытта атайын жарлык чыгарды. Анда ал өкмөткө келээрки жылы күчүнө кире турган жаңы ченемдердин иштеп кетиши үчүн кам көрүү сунушун берди. Тактап айтканда, адистерди даярдоо, бирдиктүү электронду реестр түзүү сыяктуу тапшырмаларды аткаруу үчүн каражат бөлүү керектиги айтылат. Ошондой эле, Жогорку Кеңеш, Жогорку сот жана Сотторду тандоо кеңешине да рекомендациялар берилди. Талдоочулардын пикиринде, соңку кадамдар солгундап калган сот реформасын ишке ашырууга чоң үмүт берүүдө.