COVID-19 күчөп кетсе медициналык кызматкерлер жетишеби? (видео)

4246

Өлкөнү коронавирустун экинчи толкуну каптап, эпидемиологиялык кырдаал начарлап кетиши мүмкүн деп чоочулаган медиктер күнү-түнү дебей атайын даярдыктан өтүп жатышат. Март айынан бери 19 миңден ашуун ак халатчан санитардык эрежелерди сактоодон тарта, жаңы типтеги вируска кабылган бейтаптарды дарылоо жолдорун онлайн үйрөнүшүүдө.

Ал эми бир катар ыктыярчылар жай айларында болгон апааттуу күндөрдү эске салышып, тиешелүү жактарга кайрылуу жөнөтүшкөн. Алар өлкөдө коронавирус илдети күчөп кетсе медициналык кызматкерлер жетишеби жана ак халатчандар канчалык деңгээлде даяр деген суроо салышууда.