COVID-19: Ыктыярчылар даяр. Республикалык штабчы? (видео)

3643

Ыктыярчылар Кыргызстанда да кайталанышы мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна даярдык көрүп жатышат. Учурда Бишкек шаарында эле 200 адамдан турган ыктыярчылар тобунун 120дан ашуун автоунаасына кычкылтек концентраторлору орнотулуп, жеке коргоочу каражаттар камдалган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү дагы тиешелүү даярдыктарды көрүп жатканын айтып, ишендиришүүдө. Маалыматтарга караганда, өлкөдө эпидкырдаал оорлоп кете турган болсо кампадагы дары-дармек менен медициналык каражаттардын запасы 2-3 айга кенен жетет. Коронавирустун 2-толкунуна кандай даярдыктар жүрүүдө?