Дааватчыларга чектөөлөр киргизилет (видео)

472

Кыргызстанда үймө-үй кыдырып дин жайылтууга тыюу салынат. “Дин тутуунун эркиндиги” тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Демилге дин комиссиясына таандык.

Ага ылайык, динге үгүттөө көчөлөрдө, турак үйлөрдө эмес, диний мекемелерде гана жүргүзүлүшү керек. Ошондой эле сыйынуучу бөлмөлөрдүн, намазканалардын саны аныкталып, каттоого алынат. Мындай жерлерде да динге үгүттөөгө тыюу салынып, сыйынуу үчүн гана колдонулат.