Индиядан келгенин жашырып койгон Ата-Башынын 2 тургуну обсервацияга алынды

2027

Текшерүү постунда тургандарды алдап өтүп кеткен Нарындын Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн эки тургуну обсервацияга алынды. Алар Индиядан дааваттан келе жатканын жашырып коюшкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, алардын бул мыйзамсыз аракеттери билинери менен тургундар үй карантине жаткырылган. Бирок алар медицина кызматкерлерин, милиционерлерди да укпай, намазга мечитке каттап турушкан.

Аталган айылдан 3 тургун 4 айга дааватка Индия өлкөсүнө кеткен. Кыргызстанга кайра келгенде Бишкектен текшерилген. Алар жашаган жерлерине карантинди сактоого милдеттүү болчу. Бирок алар аймакка кирип жатканда дааваттан келе жатканын текшерүүчүлөрдөн жашырып коюшкан.

Эске салсак, үй карантинин жана обсервация эрежелерин бузган жарандар 300 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Ошондой эле, атайылап же этиятсыздыктан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуп, башка адамдарга массалык түрдө оору жуктургандар 2 жылга эркинен ажыратылат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.