Дача Су: Жабырлануучулардын күйүтүн эч нерсе өчүрө албайт (видео)

817

Бүгүн бир жыл мурда учак кырсыгынан набыт кеткендер эскерилди. Дача СУ айылында каргашалуу окуя болгон жерге курман болгондордун жакындары, жабырлануучулар жана жергиликтүү жашоочулар чогулуп куран окушту. Ошондой эле, маркумдарга арналып жаңы түзүлгөн эстеликке гүлчамбар коюлду. Былтыр 16-январда эртең мененки саат жетилерде түркиялык компанияга таандык жүк ташыган учак айылдын үстүнө кулаган. Андан Кыргызстандын 35 жараны жана төрт учкуч каза тапкан.