Дача СУ: компенсациянын суммасы неге жашыруун? (видео)

819

Эртең Дача СУ кыштагындагы кырсыкка бир жыл толот. Бул каргашалуу окуяны эскерүү күнүнө карата каза болгондордун аттары чегерилген мемориалдык такта ачылды. Эстеликтин ортосун — учак бөлүп турат. Анын эскизин каза тапкандардын жана жабырлануучулардын жакын туугандары иштеп чыккан. Былтыр 16-январда таңга маал болгон авиакырсык 39 адамдын өмүрүн алган. Аларды эскерүү кечесине  кырсыкта жакындарын жоготкон жарандар, өкмөт мүчөлөрү жана түркиялык авиакомпаниянын өкүлдөрү катышты. Иш-чарада Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары сөз сүйлөп, курман болгондордун туугандарына көңүл айтып, жабырлануучуларга көрсөтүлгөн жардам тууралуу маалымат берди.