Дача СУ окуясы сабак болгон жокпу? (видео)

7390

Чүйдүн Сокулук райондук прокуратурасынын айрым кызматкерлери жер тилкелерин мыйзамсыз сатып жатышат. Бул тууралуу 2 жыл мурда авиакырсык катталган Дача СУ айылында там салып жаткандар билдиришти.

Муну Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы дагы четке каккан жок. Айтымында, мындай фактылар 1,5 ай мурда катталып жер тилкелерин саткан кызматкердин аты-жөнү аныкталып, керектүү документтер чогултулуп укук коргоо органдарына жиберилген. Эң кызыгы, жер участоктору мыйзамсыз сатылганын билген жарандар курулуш иштерин жүргүзүүдө.