Дача СУ окуясына 2 жыл болду (видео)

805

Кургай элек көз жаштар, ата-энесин жоктогон балдар. Эки жыл мурдагы авиакырсыкта курман болгондор эскерилди. Учак кулаган жерге апаатта мерт кеткендердин жакындары, өкмөт мүчөлөрү жана жергиликтүү тургундар чогулушту. Расмий маалыматтар боюнча, Кытайдан чыгып, Түркияга багыт алган учак «Манас» аэропортуна май куюу үчүн конгону жатканда кыйраган.

Башынан оор күндөрдү өткөргөн жергиликтүү тургундар азыр дагы учактын үнүнөн  чочуп турушат. Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караган Дача-СУнун макамы ушу кезге чейин аныктала элек. Буга чейин конушка айыл статусун берүү же ал жердегилерди көчүрүү демилгелери бир нече жолу көтөрүлгөн. Бирок маселе дагы деле ачык турат.