Дача СУ окуясына 3 жыл. Расмий өкүлдөр келген жок (видео)

4311

Дача СУ айылындагы каргашалуу окуяга 3 жыл болду. 2017-жылы 16-январда таңга жуук түркиялык Боинг-747 жүк ташуучу учагы «Манас» аэропортунун жанындагы кыштактын үстүнө кулап түшкөн. Авиакырсыктын кесепетинен 35 жергиликтүү тургун жана экипаждын төрт мүчөсү набыт болгон.

Мындан тышкары, ондогон турак жайлар кыйраган. 3 жыл мурдагы окуяны эскерүүгө Дача СУ айылына бир дагы расмий өкүл келген жок. Апаатта көзү өтүп кеткендердин жакындары гана куран окууга чогулушту.