Дача-СУ: Түрк компаниясы жабыркагандарга кенемтени аз төлөгөн (видео)

2434

Түркиялык компания Дача-СУдагы авиакырсыкта жабыркагандарга талап кылынган сумманын бир бөлүгүн гана, 49 миллион 200 миң сом кенемте төлөгөн. Бул тууралуу коомдук комиссиянын отурумунда УКМКнын өкүлү суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Эмне себептен компенсациянын өлчөмү азайып кеткени көпчүлүктө кошумча суроолорду пайда кылды. 39 адамдын өмүрүн алган Дача-СУ кырсыгынын себептерин иликтеп жаткан коомдук комиссия экинчи отурумун өткөрдү. Ага Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, УКМКнын өкүлдөрү чакырылды.