Дача СУдагы авиакырсык боюнча дилилдерди ким жок кылган? (видео)

624

«Манас» аба майданынын жанындагы Дача СУ конушундагы бир канча адамдын өмүрүн алган авиакырсыкка күнөөлүүлөр жакында аныкталабы? Башкы прокуратура бул боюнча токтотулган кылмыш ишин кайра жандандырып, Ички иштер министрлиги болсо тергөө иштерин баштады. Анда жаңы жагдайлар пайда болгону белгиленүүдө.

Убагында бул кырсык боюнча ачылган кылмыш иши 5 ай тергелип, бирок айыпкер тарап табылбагандыктан, иш убактылуу токтотулган болчу. Ал ортодо, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева билдирди делген маалыматтар тарап, ал кабар коомчулукту дүрбөлөңгө салды.