Дача СУдагы авиакырсыкка 2 жыл, окуянын чоо-жайы

781

2017-жылы 16-январда эртең мененки саат жетилерде Манас аэропортунун жанында жүк ташуучу учак кыйрап, уктап жаткан элди басып калган. Авиакырсыктан Кыргызстан 35 жаранынан айрылган. Бул күнү ата-энесинен ажырап томолой жетим болуп калган балдар дагы бар. Авиакатастрофадан ондогон үйлөр талкаланган.

«Кытай-Бишкек-Стамбул» багытында бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болгону жана ал бул жакка май куюш үчүн конуп жатканы айтылган. Учак Түркиялык авиокомпанияга таандык болчу. Ошол апаатта курман болгондор бүгүн эскерилип, учурда учак кыйраган жерде куран окутулуп жатат. Иш чарага бийлик өкүлдөрү, кырсыктан жабыркагандар жана маркумдун жакындары катышууда.

Мунун алдында, президент Сооронбай Жээнбеков авиакырсыктын кесепетинен жакындарын жоготкон балдар менен жолугушуп, аларга көңүл айткан.

 

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.