Дача СУдагы учактан ӨКМдин кызматкерлери телефондорду алганын моюндашты

715

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 22 кызматкери Дача СУ айылында кыйраган учактан түшүп калган уюлдук телефондорду өздөрүнө ыйгарып алган. Бул боюнча кылмыш иши козголгонун айрым жалпыга маалымдоо каражаттары күч органдарындагы өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.

Алардын айтымдарында, тергөөчүлөр Дача СУ айылына барган жүзгө жакын куткаруучуну суракка алышкан. 22 кызматкер окуя болгон жерден уюлдук телефондорду таап, аны туугандарына таратып жибергенин мойнуна алышкан. Алардын баарына кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, тергөөгө тоскоолдук жаратуу беренелери боюнча айып тагылып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эч жакка чыгып кетпөө тил каты менен коё берилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.