Дагестанда ири антикоррупциялык операция болуп өттү

625

Дагестандын тарыхында эң ири антикоррупциялык операция болуп өтүп, анын жүрүшүндө республиканын бир топ жогорку даражадагы жетекчилери кармалды. Аларды атайын кызматтын өкүлдөрү атайын учак менен Москвага алып кетип жатышканы тартылган видео жарыяланды.

Маалыматтарга караганда, оперативдик иш-аракеттер 4-февраль күнү башталып, бир күндөн кийин республиканын башчысы өкмөттү толугу менен отставкага жөнөткөн. Учурда алардын барынын кызматтык иш бөлмөлөрү, үйлөрү текшерүүгө алынып жатат.

Мындан тышкары, Дагестандын бир нече райондук администрация жетекчилери да текшерүүгө алынууда. Россиянын тергөө комитети кабарлагандай, Дагестандын жогорку даражадагы аткаминерлеринин кармалышы социалдык долбоорлорго бөлүнгөн «ири өлчөмдөгү бюджеттик каражаттарды уурдоо» менен байланыштуу.

Азырынча «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши ачылган, бирок «кылмыштуу топ түзүү» беренеси менен да иш козгоого жетиштүү материал топтолуп калганы белгилүү болду.

Маалыматтарга караганда, күч түзүмдөрү Дагестандын жогорку кызматтагы жетекчилерин 2 жыл мурда эле иликтей башташкан.