Дагы бир депутат казак жараны болуп чыктыбы? (видео)

830

Жогорку Кеңеште кош жарандуулугу бар, бирок анысын жашырып жүргөн эл өкүлдөрү барбы? «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов Казакстандын атуулу экени тууралуу маалымат тарады. Анда кошуна өлкөнүн Ички иштер министрлигинен келди деген айрым документтер интернетке жарыяланды. Депутат өзү болсо Казакстанда туулуп өскөнүн, бирок эч качан кошуна өлкөнүн жарандыгын албаганын айтууда. Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын 2 депутаты башка мамлекеттин жараны болгону үчүн мандаттарынан ажыратылган болчу.