Дагы бир генералга кылмыш иши козголду (видео)

1230

Генерал Нурдин Чомоев ооган согушунун катышуучусу катары жалган документтер менен мамлекеттен пособие алып жүргөн деп айыпталууда. Ага карата кылмыш иши козголду. Бул маалыматты аскер прокурору тастыктап, бирок иш жашыруун тергелип жаткандыктан, көп жагдайларын ачыктоодон баш тартты. Былтыр Кыргызстанда 160 киши жалган документтер менен ооган согушунун катышуучусу катары катталып, жеңилдиктерди жана жөлөк пул алып келгени аныкталган. Муну мекемелер аралык комиссия таап чыгып, материалдарды Аскер прокуратурасына өткөрүп берген. Жалган ардагерлердин айынан мамлекетке келтирилген чыгым 100 миллион сомго чейин жетет. Учурда 47 ооган согушунун катышуучусуна карата кылмыш иши козголгон.