Дагы бир мас айдоочунун айынан көчө шыпыруучу көз жумду (видео)

2986

2 күн мурда унаа сүзүп кетип каза тапкан көчө шыпыруучунун өлүмү боюнча кызматтык иликтөө башталды. Маркум 60 жашта болгон. Ал быйыл жазында эле “Тазалык” ишканасына жумушка орношкон. Көчө шыпыруучулардын өмүрүн алган каргашалуу окуя бир жуманын ичинде экинчи жолу катталууда.

Экөөндө тең мас айдоочулар күнөөлүү болгон деген маалыматтар бар. Акыркы учурга тиешеси бар делген адам мамлекеттик мекеменин биринде жетекчи болуп иштээри айтылууда. Бул иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, унаа айып аянтчасына токтотулуп, шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.