Дагы бир министр отставкага кетеби? (видео)

1005

Талас областында төө-буурчактын баасын атайылап түшүрүп жаткан кабыл алуу пункттары аныкталып жабылат. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, жергиликтүү дыйкандар менен жолугушуп жатып билдирди. Эске салсак, буга чейин Таласта фасолун сата албай жаткан багбандар Бишкекке келип митингге чыгышаарын айтышкан.

Ал арада жалпы эле айыл чарба тармагында көйгөйлөр көбөйүүдө. Дыйкандар жыйнаган түшүмүн өткөрө албай, зыянга учурап жатышат. Экспорт маселеси чечилбей жатканынан улам, айыл чарба министри Нурбек Мурашев кызматынан кетиши керек, деген пикирлер айтыла баштады.