Дагы бир жетекчилик кызматка чет элдик жаран дайындалдыбы? (видео)

741

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башчысынын биринчи орун басары Казакстандын жараны экенин айтып чыкты. Эл өкүлү стратегиялык объекттин жетекчилигине чет элдик атуулдун дайындалышына жол бергендерди жоопкерчиликке тартууну талап кылууда. Ал эми “Кыргыз темир жолу” ишканасы бул маалыматты четке кагып жатат.

Буга чейин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун Россиянын жараны экендиги айтылган. Ал тургай бул маалымат Россиянын Федералдык салык кызматынын сайтында бар экени белгиленген. Жогорку кызматтарга дайындалгандардын жарандыгына байланыштуу жаңжалдар, соттук териштирүүгө чейин жеткен учурлар да бар.