Даир Кенекеев вице-премьер-министрлик кызматына сунушталууда

824

Өкмөттүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Даир Кенекеев — реалдуу сектор, инфраструктуралык жана аймактык өнүгүү тармагы боюнча вице-премьер-министрлик кызматына сунушталууда. Анын талапкерлиги бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде каралып, жактырылды.

Даир Кенекеев өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2016-жылы июнь айында дайындалган. Кенекеев учурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна келип, ал эми Зилалиев болсо коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдын кызматын ээлей турганы белгилуу болду.

Эске салсак, Темир Жумакадыров 7-октябрда жол кырсыгынан улам каза тапкан.