Дайыр Кенекеев: “жол мафиясына” менден салам айтып койгула

1098

«Жол мафиясына» менден салам деп койгула. Жакында алардын бетин ачабыз». Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев бүгүн Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиясынын отурумунда ушундай билдирүү жасады.

Анын айтымында, оор жүк ташыган унааларды таразага тарткан көзөмөл пункттарында атайын уюшкан топтор пайда болгон. Алар унаанын салмагы канча болбосун пара алгандан кийин оор жүк тараткан транспортту өткөрүп жиберишет. А түгүл, кийинки тараза бекеттерине кабарлап, ал унааны токтопоо керектигин эскертишет экен. «Жакында эле мындай мыйзамсыз иштерге тиешеси барлар кармалып, алардын бир тобу айрым депутаттардын таанышы, туугандары болуп чыккан», — деди Кенекеев.

Өз кезегинде транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов мекеменин аброюна шек келтирген кызматкерлерден тез арада кутулуу керектигин билдирди. «Өзгөчө мамлекеттик бюджетке кете турган акчаларды өз чөнтөгүнө салгандардан арылышыбыз керек», — дейт ал.

Министрдин айтымында, жолдордо жүк ташуунун көлөмү күндөн-күнгө өсүүдө, бирок акча жагынан айрыма байкалбай жатыптыр.