Дамаск: Израиль Сириянын аймагына үч жолу сокку урду

681

Шейшемби эртең менен Израиль учактарын жана жердеги ракеталарын колдонуу менен Сириянын аймагына үч жолу сокку урду. Бул тууралуу Сирия армиясынын өкүлдөрү мамлекеттик телеканал аркылуу билдиришти.

Маалыматка караганда, израил учактары Ливандын аба мейкиндигинен Дамасктын жанындагы Аль-Кутаифа аймагын көздөй ракеталарды кое берген.

Андан соң оккупацияланган Голан аймагынан жерден ракеталарды учурган. Бирок Сирия коргонуусу аларды атып түшүргөн.

Израиль армиясынын басма сөз кызматы Сириянын бул билдирүүсү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Өткөн жылы августта Израиль аскер аба күчтөрүнүн башчысы алардын учактары Сириянын аймагына болжол менен 100 жолу сокку урганын билдирген.

Израиль Сирия аймагында Ирандын базасынын түзүлүүсүнө жана Ливандын «Хезболла» тобуна курал-жарактардын жеткирилишине жол бербөөнү убадалады. «Хезболла» Дамаскка көтөрлүшчүлөрдү басууга жардам кылып келет.