Дамир Мусакеевдин жакындары кыйноого каршы борборго кайрылышты

884

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин жакындары кыйноолорду алдын-алуу Улуттук борборуна кайрылып, анын абактагы абалын көрүп чыгуусун өтүнүштү. Аталган борбордун жетекчиси Нурдин Сулаймановдун айтымына караганда, билдирүү түшөр менен мекеменин кызматкерлери Дамир Мусакеев отурган Бишкектеги №1 тергөө абагына жөнөп кетишкен.

Эске салсак, өткөн жума күнү Бишкектин Свердлов райондук соту Мусакеевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-башкармалыгын жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде 5 жылга эркинен ажыратып, ал сот залынан камакка алынган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.