Дамирбек Асылбек уулу абактын медициналык бөлүгүнө которулду

761

Ири көлөмдө контрабанда ташууга шектелип Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу саламаттыгына байланыштуу убактылуу кармоочу абактын медициналык бөлүгүнө которулду. Бул тууралуу Казакстандын Акыйкатчысы Аскар Шакиров кабарлады.

Депутат менен кошо кармалган дагы 2 кыргызстандык жарандын абалы жакшы экени белгиленген. Буга чейин Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев Казакстандын Башкы прокуратурасына кыргызстандык жарандардын укугунун сакталышы боюнча так маалымат берүүсүн сурап кайрылган болчу. Буга ылайык, кошуна өлкөнүн башкы көзөмөл органынын кызматкерлери Алматы шаарында убактылуу кармоочу жайда жаткан кыргызстандык жарандардын жагдайы менен таанышып чыгышкан.

Анда депутат Дамирбек Асылбек уулу панкреатит оорусунан жабыркаганына байланыштуу медициналык бөлүккө которулганы белгилүү болгон. Кыргызстандын Алматыдагы консулдук кызматкерлери да кармалгандар менен жолугуп, абактагылар эч кандай арыз-даттануу айтышкан эмес.