Дамирбек Асылбек уулуна байланыштуу иштин жаңы жагдайлары ачыкталды

813

Казакстан контрабандага айыпталып камакка алынган Жогорку Кеңештин депутатына байланыштуу иштин жаңы жагдайларын ачыктады. Кошуна өлкөнүн телеканалдарынын бири Дамирбек Асылбек уулу кармалган учурда тартылган видеону көрсөтүп, аны трансулуттук кылмыштуу топтун башчысы деп атады.

Ошондой эле, депутат менен кошо кармалган топтун мүчөлөрү контрабанда менен алектенип, акча таап келгенин моюнга алып көрсөтмө берип жатканын көрүүгө болот. Алардын айтымында, пара берүүдөн баш тарткан ишкерлердин товары чек арадан өткөрүлбөй же жүктөрү жоголуп кетип турган. Бир эле көзөмөл пункттун ар бир кызматкери бир нөөмөттө миллион теңгеден ашык киреше таап келген. Бул иштердин башында Дамирбек Асылбек уулу турганы айтылууда.

Ошондой эле, видео материалда Жогорку Кеңештин депутаты Казакстандын жараны экени дагы бир жолу баса белгиленип, аны тастыктаган паспорт дагы көрсөтүлдү.