Дамирбек Асылбек уулуна жана дагы эки кыргыз жаранына айып тагылды

728

Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулуна жана дагы эки кыргыз жаранына айып тагылды. Бул тууралуу казакстандык Тенгриньюс агенттиги кабарлады.

Буга чейин Алматынын Алмалы райондук соту кармалгандарды Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу ири өлчөмдөгү товар жана башка буюмдарды алып өтүү” жана “Транс улуттук уюшкан топко же транс улуттук кылмыштуу топко аралашуу” беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде эки айга камакка алуу жөнүндө чечимин чыгарган болчу.

Эске салсак, 17-февралда Казакстандын аймагында аткезчилик жана мыйзамсыз соода жүгүртүүгө каршы ири операциялар жүрүп, анда кармалган 35 адамдын арасында 3 кыргызстандык бар экени айтылган. Көп өтпөй алардын бири парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу экени белгилүү болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Алматы шаарындагы консулдук тарабынан кармалгандарга тиешелүү укуктук жардамдар бериле турганын билдирди.