Даниелдин өмүрүн сактоого 500 миң сом керек (видео)

1268

Вильсон-Коновалов илдетине чалдыккан Даниел жардамга муктаж. Боорун берч басып кеткен жаш балага тезинен операция жасалышы керек. Бирок Кыргызстанда чанда кезигүүчү бул дартты айыктырууга мүмкүнчүлүк жок экен.

Андыктан 11 жаштагы Даниелди Индия мамлекетине алып барып даарылоого туура келип жатыптыр. Ал үчүн ири сумма 500 миң сом зарыл. Мелисов Даниелдин ата-энеси баласынын өмүрүн сактап калуу үчүн кайрымдуу адамдардын каражат жагынан жардам берүүсүн суранат.