«Даңк Аллеясында» 2 жылдыз ачылды (видео)

1086

Бишкектеги «Азия Молл» соода борборунун алдындагы «Даңк Аллеясында» дагы эки жылдыз ачылды. Бул ирет ардактуу аллеядан «Город 312» тобуна жана анын солисти Светлана Назаренкого орун берилди. Бул салтанаттуу аземге Россиядан Светлана Назаренко өзү келип, анда легендарлуу топтун күйөрмандары “Город 312” тобунун репертуарындагы ырларды аткарышты. Иш-чара шаңдуу концерттик программа менен коштолду.

Эске сала кетсек, “Даңк Аллеясындагы” алгачкы жылдыз “Элес” тобуна берилсе, кийинки эки жылдыз эстрада жылдызы Мирбек Атабеков жана “Азия Микс” командасына ыйгарылган.