«Даңк аллеясында» дагы бир жылдыз пайда болду (видео)

978

Бишкектеги «Азия Молл» оюн-зоок соода борборунун алдындагы «Даңк аллеясында» жетинчи жылдыз ачылды. Андагы биринчи жылдыз «Элес» музыкалык тобуна ыйгарылган. Бул ирет «Жаңы толкун» эл аралык фестивалынын лауреаты, «Алла Пугачеванын алтын жылдызы» номинациясынын ээси Омар Жанышевге орун берилди.

Иш-чарага «Азия Молл» соода жайынын кызматкерлери, Омар Жанышевдин күйөрмандары, саханалаш достору катышышты. Ырчынын ысымы жазылган жылдызды ачуу аземи концерттик программа менен коштолду.