«Даңк аллеясында» дагы бир жылдыз (видео)

1830

Американын Голливуд шаарындагыдай «Жылдыздар аллеясы» эми Кыргызстанда дагы бар. Бишкектеги «Азия Молл» оюн-зоок соода борборунун алдында «Даңк аллеясы» ачылды. Андагы биринчи жылдыз «Элес» музыкалык тобуна ыйгарылса, бул ирет Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековго дагы “Данк Аллеясынан” орун берилди.

Иш-чарага “Азия Молл” соода комплексинин кызматкерлери, Мирбек Атабеков жана анын күйөрмандары катышты. Ырчынын ысымы жазылган жылдызды орнотуу аземи чакан концерт менен коштолду.