«Даңк аллеясында» дагы бир жылдыз жанды (видео)

952

«Азия Молл» соода борборунун «Даңк аллеясы» дагы бир жылдыз менен толукталды. «Дилбар мода үйүнүн» негиздөөчүсү, модельер Дилбар Ашимбаевага Кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги үчүн жылдыз ыйгарылды.

Ушуну менен «Даңк аллеясында» 9-жылдыз пайда болду. Буга чейин бул жерде Кыргызстандын маданиятына салымын кошкон белгилүү инсандардын ысымы чегилген.