«Даңк Аллеясында» Дарья Маслованын жылдызы ачылды (видео)

737

«Азия Молл» соода борборунун «Даңк Аллеясында» дагы бир жылдыз ачылды. Бул жолу ал жеңил атлет Дарья Масловага ыйгарылды. Эл аралык мелдештерде өлкө намысын коргоп, алдыңкы орундарга ээ болуп жүргөн жаш спортчу 2017-2018-жылдары эки жолу мамлекет тарабынан «Даңк» медалы менен сыйланган. Дарья Маслова 2015-жылы Азия биринчилигинде жаштар арасында 2 алтын медалга татыган.

Бир жылдан кийин эле Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарында 10 чакырым аралыкта чуркоо боюнча жарышта 31 мүнөт 36 секундада келип, жеке жана улуттук рекордду койгон. Жеңил атлет 2017-жылы да 2 алтын медаль жеңип алган. Ал эми былтыр өткөн Азия оюндарында биринчи жана экинчи орундарды багынткан. Дарья Маслова «Азия Молл» соода борборунун «Даңк Аллеясында» жылдызы пайда болгонун да чоң жетишкендик деп эсептейт.