«Даңк аллеясында» үчүнчү жылдыз ачылды (видео)

598

«Азия Молл» соода борборунун алдындагы «Даңк аллеясында» үчүнчү жылдыз ачылды. Бул ирет ардактуу аллеядан орун «Азия Микс» КВН командасына берилди. Жылдызчанын расмий ачылышына көп улуттуу команданын курамынан төрт өкүл катышып, оюн-зоок соода борбору өзгөчө шаңга бөлөндү.

Эске салсак бул “Даңк аллеясында” баш аягы 150гө жакын өнөр жана спорт мыктылары үчүн орун каралган. Андагы биринчи жылдыз «Элес» музыкалык тобуна ыйгарылса, экинчиси Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековго берилген болчу.