Дары-дармекке бааны мамлекет коет (видео)

910

20 жылдан ашык убакыттан бери көзөмөлгө алынбай келген дары-дармек базарына эми мамлекет аралаша баштайт. Учурда буга байланыштуу токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Документке ылайык 400дөн ашык препараттын баасын өкмөт бекитип берет. Бейтап өлкөнүн кайсы аймагында болбосун, керектүү дарысын бирдей баада сатып ала алат.

Бул азырынча пилоттук долбоор. Жакшы жыйынтык берсе 4 миңге жакын дарынын баасы тартипке салынат. Нарк саясаты көзөмөлгө алынса, препараттар 10% га чейин арзандайт, дейт саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери.