Дары-дармектер текшерүүдөн өткөрүлбөй таратылганбы? (видео)

4547

Кыргызстанда коронавирус күчөгөн июль айында Кытайдан келген дары-дармектерди текшерүүдөн өткөрүлбөй таратылганы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинде атайын комиссия түзүлдү. Анын негизинде тиешелүү кызматкерлер жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн башкы дарыгери Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Эске салсак, кечээ республикалык штабдын жыйынында вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы айрым бейтапканалардын дарыгерлери вируска каршы Кытайдан гуманитардык жардам иретинде келген дарыларды тараткандыгы кооптондуруп жатканын айкан. Анткени алар эч кандай текшерүүдөн өткөрүлбөй эле, бейтаптарга берилиптир.