Дары-дармектин баасы 12%га кымбаттайбы? (видео)

2516

Кыргызстанда дары-дармектердин баасы 10-12 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн. Мындай кооптонуулары менен фармацевтика союзунун төрагасы Эрнис Асанов бөлүштү. Эгерде доллардын курсу көтөрүлө берсе, анда компаниялар препараттарды кымбат баада сатууга аргасыз болушат дейт ал. Россия менен Украинадагы кырдаал Кыргызстандын медицина тармагына да таасирин тийгизүүдө.

Фармацевттер эки өлкөгө берилген буйрутмалар жокко чыгарылып, товар ташуу убактылуу токтотулганын билдиришкен. Бул өз кезегинде дары-дармектердин таңсыктыгына алып келет деген кооптонуулар бар. Ушундан улам, Кытай, Индия, Түркиядан каттоого алынбаган препараттарды алып келүүгө уруксат берүүнү суранышууда.