Дары-дармектин наркы он пайызга чейин арзандайбы? (видео)

1278

Дары-дармектин наркы көзөмөлдөнө баштаса, баа он пайызга чейин арзандайт. Кыргызстан дары каражаттардын баасын жөнгө салуу алдында. Учурда кандай механизм менен көзөмөлгө алынаарын атайын жумушчу топ иштеп чыгууда. Адистер чет мамлекеттерден тажрыйба алып келишкен. Бирок препараттардын наркын жөнгө салуу үчүн универсалдуу механизм жок. Мындан улам, Кыргызстан дары базарына мониторинг жүргүзмөкчү. Учурда мекемелер аралык жумушчу топ адам өмүрүнө эң керектүү делген 500 дарынын тизмесин түзгөн. Биринчи кезекте, алардын баасы көзөмөлгө алынат экен. Эскерте кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда жана Тажикстанда дары-дармектин баасы жөнгө салынган эмес.