Дарья Маслова Беларусь өлкөсүндө өткөн мелдеште жеңүүчү болду

785

Кыргызстандын куржунунда дагы бир алтын бар. Жөө күлүк Дарья Маслова эл аралык мелдештерден алтын медаль утту. Жеңил атлетика боюнча турнир Беларусь өлкөсүнүн Минск шаарында өтүүдө.

Аялдар жана эркектер арасында 10 миң метр аралык үчүн медалдар ойнотулду. Дарья Маслова башында эле алдыга ишенимдүү кадам таштап, маарага чейин дистанцияны сактап, 32 мүнөт 21 секундада келди. Ал эми кыргызстандык спортчудан бир мүнөттөн ашык убакытта келген Беларусь өлкөсүнүн спортсмендери Нина Савина жана Ирина Сомова күмүш жана коло медалдарга ээ болду.

Акыркы 2 айдын ичинде эле Дарья Маслова Белорусь өлкөсүндө өткөн мелдеште экинчи жолу катышып жатат. Буга чейин июль айында кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустун Брест шаарында өткөн жеңил атлетика боюнча ачык кубогунда үч медаль тагынышкан. Анда да Дарья Маслова 5000 метрге чуркап мыкты көрсөткүч менен биринчи орунду ээлеген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.