Дарыгер менен балалуу эне жаңжалдашты (видео)

1692

Балдары курч респиратордук инфекция жугузуп алып ооруканага кайрылган ата-энелердин саны 2 эсеге өстү. Борбордогу бейтапканаларда тумоолоп калган бөбөктөргө орун жетпей, күткөндөрдүн узун кезеги пайда болду. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору болсо дем алышсыз иштөөгө өтүштү.

Кайрылгандардын көптүгүнөн дарыгерлер менен тургундар ортосунда жаңжалдаша кеткен учурдар да катталууда. Эпидемиологдор болсо курч вирустук оорулар жылына ушул убакта көп катталарын жана абал көзөмөлдө экенин айтып, жарандарды сабырдуу болууга чакырууда.