Дарыгер жардам көрсөтпөгөнү үчүн кылмыштын катышуучусу катары айыпталууда

797

Кой-Таштагы аскердик бөлүктө жоокерлердин сабалышы боюнча дарыгерге карата дагы кылмыш иши козголду. «Кылым шамы» укуктук борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын айтымында, фельдшер командирлер жоокерлерди шылдындап, кыйнап жатканын көрсө дагы, эч кимге кабарлаган эмес.

Дарыгер биринчи жардам көрсөтпөгөнү үчүн кылмыштын катышуучусу катары айыпталууда. 73809 аскер бөлүгүндө жоокерлердин сабалышы боюнча кылмыш иши козголуп, материалдар сотко жөнөтүлгөн. Ишти кароо 24-ноябрда улантылат.

Быйыл жайында кызмат өтөп жаткан жоокерлер командирлери кык ташытып, арык тазалатып, кимдир бирөөлөрдүн машинасын жуудурганын айтып, укук коргоочуларга арызданышкан. Бул боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.