Дарыгердин катасынан жабыркаган кичинекей Адил (видео)

994

Ал төрөлгөндөн тартып баш оорусуна кабылып, ага 3 ирет операция жасалган. Бирок алардан жардам болгон эмес. Кичинекей Адилдин башы бир жаштан өткөн соң кескин чоноюп кеткен. Дарыгерлер баланын баш мээсиндеги кан тамырлары жабылып калып, кан жүгүрбөй жатканын айтышат.

Ал эми кан айландыруу үчүн коюлган шунт баланын абалын ого бетер оорлотуп жиберип, бөбөк комага түшүп калган. Адил операциянын жардамы менен гана 50 күндөн соң гана эсине келди. Дарыгерлер Россиянын Тюмень областында операция жасатууну сунушташкан. Бул үчүн болжол менен 8 миң доллар каражат зарыл. Андыктан баланын энеси колунда бар кайрымдуу адамдардан жардам сурап кайрылууда.